Сыйлоо аземи.

9 марта 2025 г. 10:15

Сыйлоо аземи.

2025-жылдын 6-мартында Ош мамлекеттик университетинде 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына карата окуу жайда эмгектен айымдарга арналган майрамдык кече, сыйлоо аземи болуп өттү. Кечеде ректор К.Кожобеков университеттин өсүп-өнүгүүсүндө жамааттагы айымдардын орду эбегейсиз экендигин белгиледи. Ар бир айымга чың ден соолук, кажыбас кайрат, иштеринде чыгармачылык эргүү, үй-бүлөсүнө бакыт каалады. ОшМУнун өсүп-өнүшүнө өз салымдарын кошуп, студенттерге татыктуу билим-тарбия берип үзүрлүү эмгектенип келе жаткан 200гө жакын айымдарга ОшМУнун "Эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси, Ардак грамотасы, акчалай сыйлыктары, алкыш баракчалары тапшырылды. Ал эми окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо болумунун башчысы, п.и.к., доцент М.М.Былыкова ОшМУнун "Эмгек синирген ишмери» тош белгиси, болумдун оператору А.Бакытбекова ОшМУнун "Ардак грамотасы» менен сыйланышты.

Картины

Сыйлоо аземи.
Сыйлоо аземи.
Сыйлоо аземи.
Сыйлоо аземи.