12.12.2024 – Бүгүн алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча семинарыбыздын акыркы күнү, Тарых-юридика институтунда ТЮИ, КМОП, Эл аралык мамилелер, Чыгыш таануунун ПО курамдары үчүн болду. Семинар суроо-жооптор, талкуулар жана кайтарым байланыштар менен коштолуп, аябай жемиштүү болуп максатына жетти. Семинарды 2023-2024-окуу жылындагы “ОшМУнун заманбап лектору – 2024”, “Заманбап СӨАИ чебери - 2024” конкурстарынын жеңүүчүлөрү Чыныкеева Г.Э., Сейитказыева Г.И., Мирзаева М.Р., Асанбек кызы К. жана ОСМКБнын методист-координатору М.Т. Нурмаматова алып барышты. Эжекелерге ыраазычылык билдиребиз жана ийгиликтерди каалайбыз !