11.12.2024 – Алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу боюнча семинарыбыз бүгүн Финансы-юридикалык колледжде ЭБМИ, ПИЖИ, ФМАКИ жана ФЮКтун ПО курамдарынын катышуусунда болду. Семинар жандуу,кызыктуу болуп, суроо-жооптор, талкуулар менен коштолду. Семинарды 2023-2024-окуу жылындагы “ОшМУнун заманбап лектору – 2024”, “Заманбап СӨАИ чебери - 2024” конкурстарынын жеңүүчүлөрү Чыныкеева Г.Э. "Гуманитардык багытта окутууда жаңы технологияларды жана жасалма акылды пайдалануу”, Сейитказыева Г.И. "Жасалма интеллектти пайдаланып окуу тапшырмаларын түзүү" жана Мирзаева М.Р. “Чыгармачыл химиялык эксперимент. Өзгөчө кырдаалдарда химиялык эксперимент аткаруу”, Асанбек кызы К. “Анатомия сабагында СӨАИни жүргүзүү” деген темаларда өтүштү.