2024-жылдын 29-октябры күнү "Жасалма интеллект - окутуучунун кызматында" темасындагы семинар Эл аралык билим берүү программалары колледжинде Тарых-юридика, Чыгыш таануу институттарынын жана Эл аралык билим берүү программалары колледжинин ПО курамы үчүн болду. Семинарды МФТИТИнин доценти Н.К. Аркабаев "ОшМУнун заманбап лектору - 2024" конкурсунун жеңүүчүсү жана МФТИТИнин окутуучусу "ОшМУнун - педагогикалык дебют - 2024" конкурсунун жеңүүчүсү А.Г. Абдувоситова өтүп беришти. Семинар мисалдар жана суроо-жооп менен коштолуп, аябай кызыктуу жана пайдалуу болду. Нуркасым агайга жана Айтолкун эжекеге көптөгөн ийгиликтерди жана жетишкендиктерди каалайбыз !